12 куту димедрол дарысын саткан сатуучунун иши сотко өткөрүлүп берилди

12 куту димедрол дарысын саткан сатуучунун иши сотко өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыздоо департаментинен билдиришти.

"Жабырлануучунун арызынын негизинде димедрол сатылган дарыкананы текшерүүгө алдык. Жыйынтыгында сатуучу кызды административдик кодекстин негизинде сотко бердик. Бул ишти Октябрь райондук соту карамай болду. Алгачкы соттук отурум 3-мартка белгиленди. Кимдин канчалык күнөөсү бар аны сот чечет", - деп билдирди департаменттин жетектөөчү адиси.

Эске салсак, буга чейин 13-февралда Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы кыз 12 куту димедрол дарысын сатып алып, анын 30 даанасын ичип ооруканага түшкөн. Маалыматка ылайык, бейтапканага түшкөн кыздын апасы сатуучунун эрежеге ылайыксыз аракетин териштирүү максатында департаментке арыз жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ulchana
2017-02-28 12:39:02
Кудай сактасын ушундай адамдардан.Сатуучу кызга сабыр..
+3
Parish
2017-02-28 14:18:19
Азыр ото кызык заман болуп калды берсе да жаман бербесе да жаман. Димедрол рецеби жок эле
сатылат да ар бир афтекада.
сураса берет да дары учетто болбогондон кийин.
+1
myrzakarimovich
2017-02-28 14:49:35
олсон жон эле жарга чыгып секирип олблйсугбу бечара саиуучу кызды кошо озун менен ала кетпей тагдырын ,сатуучу кызга жалко димедрол алгысы келсе алып ала берет да ар аптекага кирипя экиден болсо деле ал кызда куноо жокго эми жакшына карап коюшса экен соттор
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан