"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов фракциянын лидеринин милдетин аткаруучу болуп шайланды. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда аталган фракциядан билдиришти.
Маалымат боюнча мындай чечим фракциянын кезексиз жыйынында кабыл алынган. Чечимди кабыл алуу фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевдин УКМК тарабынан 2 айга камакка алынышынан улам болду. А.Шыкмаматов 2015-жылдан бери фракция лидеринин орун басары болуп келген.
Эске салсак, кечээ, 27-февралда Өмүрбек Текебаев 2 айга камакка алынган. Белгилүү болгондой, 25-февралда Башкы прокуратура Өмүрбек Текебаевге “коррупция” жана “алдамчылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Кылмыш иштин ачылышына орусиялык ишкер Леонид Маевскийдин билдирүүсү себеп болгону айтылган. Л.Маевский 2010-жылы "Альфа Телекомду" башкаруу укугуна ээ болуу үчүн ошол учурдагы убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевге 1 миллион доллар бергенин билдирген. Бул боюнча депутатка кылмыш иши козголгон күнү түн ичинде аны УКМК камакка алган.