Владимир Путин: "Кыргыз тарап орусиялык аскердик базанын кереги жок дегенде биз ошол күнү чыгып кетебиз"

Бишкекте бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин маалымат жыйын өткөрүштү.

"Орусиялык аскердик базанын Кыргыз жеринде болушу өлкөдөгү жана Борбордук Азия чөлкөмүндөгү туруктуулук үчүн керек деген чечимге келдик. Орусиянын аскердик базасы түзүлүп жатканы эсимде. 1999-2000-жылдары Кантта өлкө жетекчилигинин өтүнүчү менен уюшулган. Ошол мезгилде Кыргыз өлкөсү Ооган согушкерлеринин чабуулуна кабылган эле.

Террордук кооптонуулардан улам өлкө жетекчилиги аскердик түзүлүштү киргизүүнү суранган. Ошол учурдагы мамлекет жетекчилиги өлкөдөгү кырдаалды билген тарап аскердик базаны киргизиши керек деген чечимге келген. Эгер Кыргыз тарап аскердик базанын кереги жок десе, биз ошол күнү чыгып кетебиз. Бул жерге аскердик контингентти жайгаштырууга бизде муктаждык жок. Бизге бул дагы чыгаша экенин эске алгыла", - деди Путин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан