Базар-Коргон районунун тургундары Текебаевдин 2 айга камалышы боюнча нааразычылык митингин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта SUPER.KG порталына митингдин катышуучусу Кубатбек Артыков билдирди.
"Жергиликтүү эл Текебаевдин бошотулушун талап кылып митингди улантууда. 28-февралдан 1-мартка караган түндө 50дөй адам Ош-Бишкек жолунун боюна тигилген боз үйдө атайын нөөмөткө турушту. Милиция кызматкерлери боз үйдү тиктирбейбиз деген аракеттерди кылышты. Буга элдин кыжыры келип, милиционерлер менен кагылышып кете жаздады. Бирок жыйынтыгында боз үй жол боюна тигилди. Учурда митингге кайрадан айыл тургундары чогулуп башташты. Бүгүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүн чакырып ага талапты билдиребиз", - деп билдирди Артыков.
Кубатбек Артыковдун маалыматына ылайык, райондук мамлекеттик администрация аянтка боз үй тигүүгө каршылык кылышкан.
Эске салсак, Ө.Текебаевдин жердештери 3 күндөн бери аны бошотуу талабын коюп митинг өткөрүүдө. Саясатчынын тарапташтары митингдин жүрүшүндө Ош-Бишкек унаа жолун тосуу аракетин жасашкан.