Түркиянын Анталия шаарында 34 жаштагы Айгүл аттуу Кыргыз жараны адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 1-мартка караган түнү саат 02:15 чамасында Манавгат шаарчасында болгон. Анда 34 жаштагы Айгүл.Н. аттуу Кыргыз жараны 31 жаштагы Түркиянын жараны Салим.С. менен жолугушуп, спирт ичимдигин ичишкен. Кийин экөөнүн ортосунда уруш чыгып, Айгүл.Н. жанындагы Салим.Сны бычак менен көкүрөк тушка 3 жолу сайган. Ооруканага жеткирилген жабырлануучунун өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес. Азыркы тапта кылмышка шектүү катары Айгүл.Н. кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.