Учак кырсыгы болгон айылдын тургундары "талабыбыз орундалбаса, өзүбүздү өрттөйбүз" дешүүдө

Бишкектин четиндеги Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында бүгүн, 5-мартта учак кырсыгынан каза болгондорго багышталып түлөө өткөрүлдү.

Айыл жашоочулары мал союп, куран окушту.

"Бул айылда 10 жылдан бери жашайм. Буга чейин жакшы эле жашачубуз. Кырсыктан кийинки абал ден соолугу начарларга терс таасирин тийгизип жатат. Бийлик элдин абалын сурабай койду. Элди саясатка аралаштырбасын. Биз тополоң кылып, митинг өткөрүү оюбузда жок. Айрым жетекчилер жерди басып алды деп жатышат. Биздин үйлөрдүн кызыл китептери бар. Биздин элдин талаптарын аткарып тезирээк жакын жерден жер берип көчүрсө болот эле. Эгер өкмөттүн мүмкүнчүлүгү болсо көп кабаттуу үй салып жайгаштырып койсо гектарлаган жер үнөм болмок. Ошол эле учурда бир айылдын эли ар тарапка чачырабайт эле", - деп билдирди айылдын аксакалы Бейшен Ырысалиев.

"Үйлөрдүн дубалдары жарылып, айнектери сынып кеткендерди комиссия жабыркагандардын катарына кошпой жатат. Мен азыр арсар ойдо турам. Курулуп жаткан үйүмдү бүтөрсөмбү деп жатам. Бирок эртең көчкүлө десе чыгым болуп калбайын деп да ойлонот экенсиң. Өкмөт да элге эртерээк жооп айтпады", - дейт жергиликтүү тургун Малика Усенова.

"Өкмөт элдин талабын аткарбаса, өзүмдү өрттөгөнгө даярмын. Мен эл деген адаммын. Элдин көйгөйүн көрүп туруп чыдай албай кетем. Менден башка да балдар ошондой кадамга баруу алдында турушат", - деп билдирди айылдын дагы бир жашоочусу Руслан Казыбеков.

Айыл тургундары күн өткөн сайын унутулуп калбасак болду дешүүдө.

"Элдин ден соолугун карабай жатышат. Эми жаз алды менен жерден түшүм ала албай калуу коркунучу турат. Анткени төгүлгөн күйүүчү майдын терс таасири тиет. Буга чейин бийлик өлгөндөрдү жайгаштыралы, кийин кыркы өтсүн деди. Мына кыркы да өттү. Дагы да элди көчүрүү талабы аткарылбай же чогулган каражат берилбей жатат", - дейт айыл тургуну Дамира Сүйүналиева.

"Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаевге, Өмүрбек Бабановго добуш бергенбиз. Депутаттар кырсык болгон жерге кадам басып келген жок. Бабанов жок дегенде эфирден чыгып сүйлөп койгон жок. Убагында шайлоо алдында анын тарапташтары үймө-үй кыдырып шайлап бергиле деп жүрүшкөн. Биздин көйгөй тууралуу депутаттар үн катпай отурушат. Биздин айылга, кырсык болгон жердеги 265 кожолукка статус бериштин кереги жок. Биз бул жерден көчөбүз", - деп кошумчалады Малика Усенова.

Жергиликтүү жашоочулар электр энергия үчүн жаңы тариф киргизилгенден бери 1 киловатт-саатына 87 тыйындан, 700 киловаттан ашса 2 сом 46 тыйындан төлөп келишээрин айтышты.

"Биз башкаларга караганда электр энергияга көп төлөп жатабыз. Текшерүүчүлөргө кайрылсак аэропорттон алганыңар үчүн ошондой төлөм болот дешти. Аэропорттун электр кызматы менен ошондой келишими бар экен. Элге жеңилдик кылыштын ордуна тоноп жатышат", - деп кошумчалады Бейшен Ырысалиев.

Учак кырсыгы болгон жерде жолбун иттер көбөйгөнүн жергиликтүү жашоочулар айтышууда. "Сокулук районунун акими эл менен жолугуп кырсык болгон жердеги жолбун иттерди атып жок кылам деп убада берди эле. Андан бери 1 айдан ашуун убакыт өттү. Аким элди алдап кетиптир. Жолбун иттер жашоочуларды тиштеп зыян келтирген окуялар болууда", - деп кошумчалады Руслан Казыбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (57)
1Adilet1
2017-03-05 22:09:42
Atambai'dyn uiun basyp alysh kerek kutulbogon jerden. ozun da karmash kerek anan aosuz jazalash kerek. men asha'ga ishenchimun azyr takyr ishenbeim. ХХХ eken. karyp aljyp kaldy. multimillioner imish.. prizdentten ketkende but bailygynan ajyratyp multiBomj kylysh kerek.. koomduk jaidagy daaratkanalarfy juudurup..
+4
makelen
2017-03-05 22:24:11
Мисалы:265 кожолук ар бирине 2млн. сомго дом. Ошондо 6 млн. Кыргызстан калкынын 3 млн. ишке жарактуу болсок, ар бирибиз 200 сомдон чыгарсак маселе чечилет. Буга даяр эмес болсок анда окмот кредит алсын усток пайызы менен анан 265 дом алып берсин. Кийин пайызын менен толоп беребиз.
+3
meni_kut
2017-03-06 09:27:02
makelen,91 миллион эл топтоп бердиго
0
makelen
2017-03-06 16:27:37
meni_kut, 45 уй булоого жетет калганычы орттонуп кетишсинби.
0
joken
2017-03-05 22:41:52
Sataha.Атын жаман экен Текебаев.О.Ч сага эмне кылды эле.Ал киши чыркыраган учун сезтенип атат бийликтегилер.Сен шайтан ойун жаман экен.
+4
joken
2017-03-05 22:46:38
Кечирип кой Sataha,сизге комент бергендерге жазам деп жазыпалыптырмын.Сиздики туура мен кошулам. 100%
+1
joken
2017-03-05 22:50:32
Atas.сен эмне семёркасынбы.
0
Patirot
2017-03-05 23:17:02
Чогуулган акчалар не кылышты
+2
Erik7777
2017-03-05 23:17:09
Текебаев текебаев деп калыптыр элдин баары ал эмне кылып берди элге ,эгер кыла турган адам болгондо давно кылмак келгенине 1,2 жыл эмес 30 жылга жакындап калды бир эки чындыкты айтымыш болуп койсо баары ошонун козун карап калыптыр , озунун чындыгын ким айтат билбейсин
+2
anyshka
2017-03-06 01:28:25
Erik7777, ал жалгыз Текебаев эмне кылалат. Чындыкты айтса эле камап жамандап жатышса. Мен лично колдойм Текебаевди .
0
anyshka
2017-03-06 01:28:26
Erik7777, ал жалгыз Текебаев эмне кылалат. Чындыкты айтса эле камап жамандап жатышса. Мен лично колдойм Текебаевди .
0
tagokg
2017-03-05 23:51:10
кырсыктан жабыркагандарга жардам аты менен чоң кампания саясат жүргөн. элдин арты менен чоң акча жыйналып калганда ойлору бузулду. эми ал каражаттарды жер кыртышын калыбына келтиребиз шылтоосу менен жок кылбаса эле болду.
0
almir
2017-03-05 23:53:11
Бир эле 5 этаж панель уй куруп берип койсо болот ошол 90 млн.го. Калганын жей берсин.
+2
meni_kut
2017-03-06 09:28:54
almir,эл чондорду жесин деп салган эмес
0
312-banda
2017-03-05 23:59:16
90 млюнго 50 уй салып берсе жетмек.
+4
iaau
2017-03-06 01:08:40
Жук ашаныкы болбосо кимдики? Жук мына ушул компанияга ушул бизнесменге таандык деп элге айтып койсо эл ишенгидей болот. Эч ким чыкпай жатат го меники болчу деп. Кимдики?
+3
bakulya2015
2017-03-06 05:00:08
Мисалыда жаны бутуп жаткан АШАга караштуу уйлордон берип койсода. Ал акча оз жанына калышы мумкунда,балким ушундай болушун коздоп курулуш бутушун кутуп эле ушунтип жаткандыр,бирок кудай бар. Биз жалгыз Аллага ишенип алсызданбай алданбай турушубуз керек
+2
bakulya2015
2017-03-06 05:01:44
эл озуну орттогучо. Ак уйду орттосун балким элдин соопчулугуна калаар.
+2
gulmira96
2017-03-06 09:16:09
Митинг кылыш керек элден жыйналган акчаны элге бергиле деп, болбосо жеп алып былтыйып отура беришет бет деле калбаган буларда, озубуздун тагдырыбызды озубуз чечпесек буларга элдин жашоосу бир тыйын болуп калган. Текебаевди чыгарып Текебаевди колдош керек андан башка Эл учун куйо турган татыктуу инсанды корбой турам, баары эле оз комочуно кул тарткан жеп жутаарлар,озунор деле ойлоп коргулочу кимиси ушул убакка чейин кыйратып бир нерсе кылды Эл учун?
0
meni_kut
2017-03-06 09:29:57
gulmira96,ал деле каарып калды,жаштар келсин бийликке
0
palina
2017-03-06 09:48:24
Жакшы жагына чечилсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан