ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: Аялдардын эл аралык күнү

Бүгүн, 8-Март - Айымдардын эл аралык майрамы. 1908-жылы 8-Мартта аялдардын социал-демократиялык уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында массалык митингдерди уюштурган. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген статус берилген.
Ошентип, 8-Мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынат. 1911-жылдан баштап 8-Март майрамын белгилөө Европа мамлекеттеринде жайыла баштаган. Бир топ өлкөлөр бул майрамга мамлекеттик майрам деген макам беришкен. Ал эми 1975-жылы 8-Марттын эл аралык статусу Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделген. 8-Март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы өңгө ээ болуп, азыркы учурда жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган нагыз майрамдык мазмунга ээ.

8-мартка карата жылнаама

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aman97kg
2017-03-08 08:31:26
Бугун 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен кутукаймын
0
Rasul1987
2017-03-08 08:45:49
Алтышкалар, майрамыңар менен куттуктайм! Кааларым чын ден соолук, узун өмүр, чексиз бактылуулукту каалайм! Бар болгула.
0
s.sweet
2017-03-08 10:03:22
Рахмаат жигиттер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан