КДСП партиясы 24.кг сайтын сотко берип, 1 миллион сом талап кылууда

КДСП партиясы "кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирди" деп 24.кг маалымат агенттигин жана укук коргоочу Рита Карасартованы сотко берди. Маалым болгондой, саясий уюм аталган сайттан жана укук коргоочудан бир миллион сомдон өндүрүү боюнча доо арыз менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотуна кайрылды.

Агенттиктен билдиришкендей, шаар мэрлерин жана аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоодогу маселелерге арналган макала партиянын сотко берүүсүнө негиз болду. Макаладагы укук коргоочу Рита Карасартованын КСДПны сындаган сөздөрү партияны катуу нааразы кылганы айтылууда. КСДПдан түшүндүрүшкөндөй, укук коргоочунун айтканы чындыкка дал келбейт жана эл алдында партиянын ишкердик беделине шек келтирүүдө.

Айта кетсек, буга чейин Башкы прокуратура Азаттык менен Заноза.кг сайтын жоопко тартуу боюнча сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан