Жогорку Кеӊештин депутаты Аида Салянова УКМКдан сурактан чыкты. Бул тууралуу депутаттын жактоочусу Улан Жумаков билдирди. Салянова УКМКнын имаратына саат 16:00гө жакын кирип, саат 19:25 чамасында чыккан.
Сурактан кийин депутат айымга Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүмү (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айып тагылып, өлкөдөн эч жакка чыкпоого милдеттендирилди.
Эгер эл өкүлү күнөөлүү деп табылса, мүлкүн конфискациялоо менен сегиз жылдан он беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Белгилей кетсек, бул аталган депутаттын экинчи ирет суракка чакырылышы. Буга чейин 2017-жылдын 1-февралында УКМКда 4 сааттан ашык суракта болгон. Анда УКМКнын алдында Салянованы колдогондор митингге чыгышкан эле.
2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.
Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.