Тайырбек Сарпашевдин ишин кароо мөөнөтү 10-апрелге чейин узартылды

Тайырбек Сарпашевдин ишин кароо мөөнөтү 10-апрелге чейин узартылды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Башкы прокуратуранын Тайырбек Сарпашевди Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын милдетин аткаруудан бошотуу боюнча сунушун иликтөө үчүн түзүлгөн мекемелер аралык комиссия бүгүнкү күнгө чейин бир катар жыйындарды өткөрдү. Алардын жыйынтыгында иштин жагдайын ар тараптуу жана дыкат иликтөө максатында жана комиссиянын акыркы корутундуларын даярдоо үчүн кошумча документтерди өздөштүрүү зарылдыгы талап кылынууда. Буга байланыштуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 10-февралдагы буйругунун аткаруу мөөнөтү 2017-жылдын 10-апрелине чейин узартылды.

Буга чейин Башкы прокуратурага Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу боюнча сунуш берген. Буга Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетиши себеп болгон. Бирок Сарпашев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келүүдө. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы бир айдын аралыгында чыгары күтүлгөн. Ал эми Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматтан кетип туруу боюнча өкмөт башчыга арыз жазганын билдирген. 13-февралда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Сарпашевдин жазган арызынын негизинде убактылуу кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан