Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылында тургундардын жаш козу, эчкилери белгисиз ылаңдан улам өлүп жатканын бүгүн, 14-мартта аталган айылдын жашоочусу Батырбек Бекботоев билдирди. Бекботоевдин билдирүүсүндө, ылаң аз убакыт ичинде жайылып, айылда 20дан ашуун кой, козу өлгөн. Мындан тышкары уйлары өлгөн тургундар да бар.
"Менин сүт багытындагы чоң 2 уюм өлдү. Жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү өткөн жылдын ноябрь айында өткөрүшкөн. Ага карабастан оору жайылууда, айыл өкмөттөн, айыл өкмөттөгү мал доктурлардан эч кандай тийиштүү иш-аракеттер көрүлгөн жок. Мал доктурлар эмне оору экенин билишпейт. Негизи эле биздин мал-жандыкка эч кандай дары-дармектер келбейт. Мал доктурлар ар бир малга ийне сайганда 15 сомдон алат. Бул оорунун айынан мен 90 миң сомдой зыянга учурап жатам", - деди Б.Бекботоев.
Бул боюнча айылдагы мал доктурга кайрылып, оорунун белгилери тууралуу сурадык. Мал доктур Жумабек Колхозбеков оору башка аймактардагы мал базардан алынып келинген малдар аркылуу жугушу мүмкүн экенин айтат.
"Биз башында малдар шарп илдети менен ооруп жатат деп ойлодук. Бирок белгилери башкача, ооругандай белги бербей, бир аз аксап басып эле мүрт кетип жатат. Чоң койлор бир аз туруштук берет экен, козулар көп өлүүдө. Учурда хлор менен дезинфекциялоо аракеттери жүрүп жатат. Нарындагы лаборатория дартты аныктай албагандыктан, Бишкекке жөнөттүк. Эми малдын дарты аныкталат", - дейт Жумабек Колхозбеков.