Депутат Жаныбек Бакчиев: “Бишкек-Ош унаа жолунун оңдолушун көзөмөлдөн чыгарбоо керек” деди

“Бишкек-Ош унаа жолундагы Кара-Балта тилкесин оңдоону көзөмөлдөн чыгарбоо керек”, - деп бүгүн, 14-мартта "Бир бол" фракциясынын депутаты Жаныбек Бакчиев парламентте Укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү маселе аталган комитетте буга чейин каралганын белгилеп өттү. "Транспорт министри тендер аягына чыгып, 8-мартта жеңүүчү аныкталарын айткан. Ошол эле учурда банк кепилдиги жөнүндө сөз болгон. ММКларга чыккан материалдарды окусам, ал жакта бирөөнүн кызыкчылыгы корголуп жатканы байкалууда. Биз мамлекеттин кызыкчылыгын артка коюу үчүн бул маселени комитетте караган эмеспиз", - деди ал.

"Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев бул маселени караган комитеттин ичинде жумушчу топ бар экенин айтты.

"Эртеңкиге каржы министрин, транспорт министрин, улуттук банктын төрагасын чакырып, маалымат угалы", - деди ал. Анын сунушун комитеттеги депутаттар колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан