Бишкекте “Х-Фактор” долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды, алар Кытайда өтчү сынакка катышышат

Бишкекте бүгүн, 19-мартта “Х-Фактор” долбоорунун финалы орун алып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Катышуучулардын таланттарын ырчылар Кенже Дүйшеева, Расул Маматкулов, тамада Байыш Момунов, SUPER.KG порталынын башкы редактору Гүлжан Асанкожоевалар электен өткөрүштү.

Сынакта 15 катышуучунун арасынан өзгөчө таланты менен Элнурел Жусумбеков көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болду. 3-орунду Аяна Умарова алса, 2-орунга Белек Нурбек уулу татыктуу болду, 1-орунду Бактияр Русланов алды. Баш байгени попури ырга бийлеген 5 жаштагы Нурпери Тургуналиева багынтты. Алар Кытайда өтө турган “Х-Фактор” долбооруна катышышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ABDulHai
2017-03-19 22:53:27
Ийгилик анда!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан