Ысык-Көлдө Ананьево-Чолпон-Ата жолунда каза болгон ымыркай үчүн оорукананын башчысы жумуштан кетти

Үстүбүздөгү жылдын январь айында Ысык-Көлдөгү Ананьево айылында толугу менен төрөлбөй, каза болгон ымыркай үчүн оорукананын башчысы жумуштан кетти. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардам көрсөтүү башкармалыгынын башкы адиси Раиса Асылбашева SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул иш тууралуу министрликтен буйрук чыккан. Ага ылайык, оорукананын башчысы жумуштан кетип, башка дарыгерлерге, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун башчыларына сөгүш берилди. Ал эми төрөттү кабыл алган акушер пенсияда экен. Аны да жумуштан кетирүү талабы коюлду. Учурда иликтөө иштери дагы да уланып жатат", - деди Р.Асылбашева.

Адистин айтымында, бул окуядан кийин Ысык-Көл облусу боюнча дарыгерлерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

"Биз бул окуядан сабак алдык, кайсы жерибиз начар экенин билдик. Ошол жагын жакшыртуу аракетин көрүп жатабыз", - деп кошумчалады башкы адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Marianna77
2017-03-22 11:34:45
Медиктердин кайсы жери начар экенин билуу учун бир адамдын олуму керек экен да. Биз качан жетишкен медицинада жашай алаарыбыз туман...
+7
Patirot
2017-03-22 11:41:25
Жумуштан эле кетирбер жазага тартыш керек
+9
Miroslav
2017-03-22 12:08:05
Согуш берилди деген кандай жаза?мен эч эле тушунбойм.Бул жерде адамды жарык дуйного келтирбей туруп башын кесип алган доктурлар жонундо жазылган болсо керек,эгерде мен адашпасам.Сот жообуна тартыш керек баардык ошол ишке тийешеси бар медиктерди.
+5
wwwbaxa
2017-03-22 13:03:21
Бизде өзү ушундай,ит үрө берет,кербен жүрө берет дегендей сөгүш берип койуп жүрө беришет.Камаш керек камаш ошондо кысып иштеп калышат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан