Ош-Бишкек жолундагы Үч-Терек айылына жакын жерге түшкөн кар көчкү тазаланбай жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 22-мартта жүргүнчүлөр кабарлашты.
Алардын айтымында, жолго түшкөн карды тазалаган кызматкерлер жок.
"Кар көчкү жолду тосуп калды. Аны тазалаган эч ким жок. Жүргүнчүлөр анын үстүнөн жөө басып өтүшсө, унаалар төмөн жактагы жол менен айланып келип жатышат", - дешти жүргүнчүлөр.
Үч-Терек айылы Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жайгашкан.