Ошто өлтүрүлгөн подполковник башына урулган катуу соккудан улам каза болгон

Ошто өлтүрүлгөн подполковник башына урулган катуу соккудан улам каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 23-март күнү саат 15.30 чамасында Ош шаарына караштуу Учар айылынын канал бойлой кеткен Набережная көчөсүндө токтоп турган көк түстөгү Мицубиси үлгүсүндөгү унаанын ичинен 1973-жылы туулган Таирбек Уларовдун жансыз денеси табылган. Ал ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча Оштогу башкармалыгынын тескөөчү-коменданты болуп иштечү.

"Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда кызматкер башынын арткы тарабына оор нерсе менен урулган соккудан каза болгон. Маркум 21-март күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча келген эмес экен. Учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Адам өлтүрүү беренеси менен иш козголуп, тергөө иштерин ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймактык башкармалыгы жүргүзүүдө. Кылмыштын бетин ачуу боюнча аймактагы тажрыйбалуу оперативдүү кызматкерлерден түзүлгөн топ бир нече версиялар боюнча иштеп жатат", - деп айтылат Ош ШИИБинин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
tulpar90
2017-03-24 16:36:19
Наркобарондордун колунан келет
+4
Jako18
2017-03-24 16:44:47
Бакиевтер кылса керек, себеби ачылбай калган кылмыш ишин ошолорго шылташат!!! Шоопурду, Карашевтин балдызын, Сегизбаевти көрөлү эми бирөөнүн бетине көө жапканды билишет.
+5
bond02
2017-03-24 17:43:10
Эми дароо эле бироо кармалат шектуу жаран деп.
+3
islan_85
2017-03-24 18:02:06
жаткан жери жайлуу болсун
окунучтуу
+1
Atas
2017-03-24 18:08:26
Kylmyşker bul duınodo jazasyn albasa narky duınodon jazasyn alat , InshAlla
+1
didu
2017-03-24 20:26:24
шоопур каяктан издесин баляга калган Бакиев
+2
ukmuw-ukmuw
2017-03-25 01:15:58
Неге ушундайсынар ушундай жаман нерселерди еле айтсынар !
-1
Taku.14.02
2017-03-25 08:45:10
Бир байкушту сабап мойгуна алдырышат да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан