Мальдив аралдарында өтүп жаткан волейбол боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз волейболчулары 2-турда Түркмөнстан менен кез келди.
Оюндун алгачкы партиясынан тарта активдүү ойногон кыргыз спортчулары 2 партияны жеңишкен. Үчүнчү партияда атаандаштар мыкты болуп, партиялар санын 2:1 кылышты. Өзүнө ишенген Түркмөнстан волейболчулары төртүнчү партияны да жеңип, эсеп теңелди. Чечүүчү партияда да атаандаштар мыкты болуп, жыйынтыгында 3:2 эсебинде Түркмөнстан жеңип алды. Эми кыргыз волейболчулары 27-мартта Непал менен кез келет.