Бүгүн, 27-мартта Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда "Ата Мекен" партиясынын доо арызы боюнча соттук териштирүү болду. Анда ишеним каттын негизинде өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгын коргоп жаткан Айжан Кадырова "сасыган" деген сөз боюнча лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчүн келтирди.
"Доогер тарап "сасыган" деген сөздү башкача түшүнүп жатышат. Мурдагы отурумда да "жыттап көрбөйсүңөрбү" деп бир канча жолу айтышты", - деди Айжан Кадырова.
Ал эми доогер тарап, "Ата Мекен" партиясынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова: "Сасыган" деген сөз боюнча экспертизага дайындоого негиз жок. Башка түшүнбөгөн сөз болсо мейли, кыргызча эле айтылып жатпайбы", - деди.
Судья Алмаз Калыбаев жоопкердин өтүнүчүн канааттандырып, төмөндөгүдөй чечим чыгарды.
Экспертизада төмөндөгүдөй суроолор коюлсун:
1. 2017-жылдын 6-мартында президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурундагы кайрылуусунда доогерлер "Ата Мекен" партиясынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар барбы?
2. "Атамбаев "Ата мекенден колуңду тарт!" деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата Мекенибиз Кыргыз Республикасы. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партиялар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата Мекенибиз үчүн берди. Эл ичинде партияларга эчак эле башка ат коюшкан, башчыңарга жараша" деген маалыматтарда доогерлер "Ата Мекен" партиясынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар барбы?
Экспертизаны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун эксперттерине, тилчи-филолог кызматкерлерине тапшырылсын. Экспертиза жүргүзүү бир айлык мөөнөттө каралсын.
Эске салсак, 6-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан. "Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Өлкө башчысынын айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.