Түштүк Корея прокуратурасы өлкөнүн экс-президентин камакка алууну көздөөдө

Түштүк Кореянын прокуратурасы коррупция чырына катыштыгы бар деп айыпталган экс-президент Пак Кын Хени (сүрөттө) камакка алууну суранды. Аталган өлкөнүн ММКлары жазышкандай, 27-мартта эртеӊ менен экс-президентти камакка алуу ордери үчүн сотко суроо-талап жиберилди.

Түштүк Кореянын Конституциялык соту март айынын башында Пак Кын Хеге 2016-жылдын декабрында парламент тарабынан жарыяланган импичментти кабыл алган. Муну менен президент кызматтан кеткен эле.

Эскерте кетсек, Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанып, Пак Кын Хенин отставкасын талап кылган ири митингдер өткөн.

Учурда Цой Сун Силь камакта. Азырынча өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Хван Гё Ан аткарууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан