Журналист Эрнис Кыязов белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатканын кечээ, 5-апрелде өзү фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирген. Анын айтымында, окуя 4-апрель күнү саат 22:15 чамасында Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде болгон.
"Үйдө олтургам, саат кечки 22:15 менен 22:30 чамасы болчу. Дарбаза такылдаганынан сыртка чыгып "ким?" десем, "мен эле кошунаң, чыксаң" деди. Дарбазаны ачып, салам бере электе эле жакадан жулкуп, колдон капшыра кармап, Садыр Жапаров менен болгон маектеримди, ажого сын айткан "Багыт", "Сөз ирмем" деген көрсөтүүлөрдү жалпыга жарыялоону жана фейсбукка ой-пикир жазууну токтотушум керек экенин эскертишти", - деп жазат журналист фейсбуктагы баракчасына.
Бул постту жазгандан көп өтпөй анын баракчасындагы мурунку посттору өчүрүлдү. Алардын дээрлик бардыгы учурдагы бийликтин кемчиликтерин сындаган пикирлер эле. Журналисттин өзүнө байланышууга азырынча мүмкүнчүлүк болгон жок. Анын кайда экени белгисиз.