Бүгүн, 11-апрелде Жогорку Кеңештин имаратынын алдында Боинг кырсыгы болгон айылдын тургундары нааразычылык акция өткөрүшүүдө. Анда жалпысынан 300гө жакын адам катышып жатат.
Алар колдоруна "Бизди коопсуз жерге көчүргүлө!", "Биздин үнүбүздү ким угат?", "Жаш балдардын келечеги эмне болот?" деген жазуусу бар плакаттарды кармап алышкан. Чогулгандар алардын алдына өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков, 6 парламенттик фракция лидери чыксын деп талап кылышууда.
Өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Турсунбек Султаналиев митингчилерге кайрылып: "Көчүрүш бир күндө чечилчү маселе эмес. Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн районунда жер жок. Башка райондордон карап көрөлү", - деп жооп берди.
Айта кетсек, учурда Ак үйдүн алдында жер астындагы өтмөктөрдө иштеген соодагерлер өтмөктөрдү оңдоого каршы чыгып, митинг өткөрүшүүдө.