Президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга расмий сапары менен барат. Маалыматты 18-апрелде SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинен тастыкташты. Сапардын так датасы, президент Ташкентте иш-чараларга катышары азырынча белгисиз.
"Тышкы иштер министрлиги президенттин Өзбекстанга боло турган сапарына даярдык көрүүдө. Бул боюнча кошумча маалымат берилет. Сапар качан болору, эмне маселелер караларын азырынча айта албайбыз", - деп билдиришти ТИМден.
Алмазбек Атамбаев акыркы жолу Өзбекстанга иш сапары менен 2016-жылдын декабрында барган.