КҮНСЕРЕП: Кандуу учак 70 миллион долларга бааланса, өкмөт 35 жаранынын өмүрүн канчага баалайт?

Бүгүн, 24-апрель. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте айдоочу “Мерседес” унаасы менен сүзүп кеткен эки окуучунун бири эсине келди. Экинчиси дале комада. 21-апрелде жол кырсыгына кабылган балдар учурда Бишкектеги №3-балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө.

Эки окуучуну унаасы менен сүзүп, кайрылбай кеткен айдоочу көп өтпөй кармалып, тергөө бүткүчө 2 айга камакка алынды. 1988-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну экендиги белгилүү болду. Унаанын соккусу ушунчалык күчтүү болгону окуучулардын бири “Мерседестин” үстүнөн ала салып бир нече метрге чейин ыргып кеткенинен көрүнүп турат. Кырсык болгон жерге “Мерседестин” номуру түшүп калбаганда бул айдоочу кармалат беле, табылат беле, чоң табышмак. Интернеттин жашообузга кеңири аралаша баштаганынын, коомчулуктун бул жетишкендикти колдонуп баштаганынын пайдасы буга окшогон иштерде көрүнүп жатат. Окуяны күбөлөр видеого тартып алып, ал бат эле коомчулукка тарап кетти.

ИИМден берилген маалыматтарга таянсак, кармалган айдоочу буга чейин дагы бир адамды унаасы менен сүзүп кетип, ал адам каза тапкан. Бирок айдоочу тиешелүү жазасын тарткан эмес. Маркумдун туугандарына акча берип, айыбына кечирим алып, андан ары деле рулдагы жашоосун уланта берген. Ал “кечиримдин” баасын көрүп турабыз, эки баланын ден соолугуна, керек болсо өмүрүнө тете болду. Буга окшогон көптөгөн жол кырсыктары ич ара милиция кызматы менен тил табышуу, жабырлануучу тарап менен кечиришүү өңдүү иштердин негизинде жазасыз калып кетет. Бир жолу жазадан оңой кутулган адам андай жорукту экинчи, үчүнчү, бешинчи жолу дагы кайталайт. Анан кантип биз Бишкекти “Коопсуз шаар”, Кыргыз мамлекетин “Коопсуз өлкө” атайбыз?..

“16-январда Бишкектин четине кулаган Боинг үчүн түркиялык авиакомпания камсыздандыруучу компаниядан 36 миллион доллар алыптыр. Бул биринчи бөлүгү экен, эми экинчи бөлүгү күтүлүп жатыптыр, жалпы 70 миллион долларга жакын алышат экен”. Бул Жогорку Кеңеште, "Ата Мекен" фракциясынын өкмөттүн бир жылдын отчётун угуп жатканда Алмамбет Шыкмаматов айткан маалымат. Депутат бул маалыматты Транспорт жана жолдор министринин орун басарынын сөзүнө таянуу менен айтып жаткандыгын билдирди.

Учак үчүн компенсация 36 миллион доллар болсо, анда өкмөт Боингдин кулашынан каза тапкан жарандарынын өмүрүн канчага баалаганы жатат? Фракциянын жыйынында ушундай суроону депутат Садык Шер-Нияз кырсык боюнча иштеп жаткан өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиловго узатып жооп ала албады. “Компенсация канча көлөмдө болору Түрк тарап менен сүйлөшүүдөн кийин белгилүү болот”, - дейт министр. Өкмөттүк комиссиянын өкүлдөрү компенсациянын көлөмүн эсептөөдө учакта кырсыктан улам каза тапкандарды мисалга алып жатышканы түшүнүксүз. Ал күнү кыргыздын 35 жараны тынч гана үйүндө уктап жатканда кырсыкка кабылып, каза табышты. Учакка чыккан адам булардан айырмаланып, өмүрү тобокелчиликте экенин биле туруп чыгат. Садык Шер-Нияз өкмөттүк комиссия кун бычарда муну эске алыш керектигин баса белгиледи.

Кырсык болгондон бери 3 жарым ай убакыт өттү. Каза тапкан 35 жарандан тышкары үй-жайсыз калган жарандар да көп. Ошолордун баары өкмөттөн маселени чечип берүүнү өтүнүп жүрүп кыштан чыгышты. Өкмөт Түркия тарап менен чечишүү мындай турсун кырсыктан жабыркагандарга жардамга деп эл өзү чогулткан акчаны дагы оңдуу бөлүштүрүп бербей жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнкү күнгө карата элден чогулган жардам 101 миллион 218 миң 3 сом деп берди. Министрлик коомчулуктун атайын эсепке келип түшкөн жардамды тизмелеп берүү талабын бүгүнкү күнгө чейин аткарбай келе жатат. Андыктан 101 миллион сом чогулдубу же 500 миллион сом чогулуп, министрлик анын аз гана бөлүгүн көрсөтүп жатабы, ынанымдуу маалымат жок...

Садыр Жапаровду камакта кармоо мөөнөтү 28-майга чейин узартылды. Бул тууралуу саясатчынын жактоочусу Шарабидин Токтосунов билдирет. Дал ушундай эле “узартуу” бир нече күн мурун Дүйшөнкул Чотонов жана Өмүрбек Текебаевге карата колдонулду. УКМК аталган үч саясатчыга байланыштуу кылмыш иштерин тергеп бүтпөй жатат. Тергөө кандай жүрүп жатат, аларды камакта кармоого жетиштүү материалдар барбы, Белизден келген документтер өңдүү азыркы айыптоолордун да аягы кумга сиңип кетпейби? Суроолор көп, бирок жооптор айтылбай жатат. Укук коргоочуларды Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев же Дүйшөнкул Чотонов өңдүү саясатчылардын камакта жатканы дагы эмес, учурдагы абал көбүрөөк тынчсыздандырууда. 2016-жылдын 11-декабрында өткөн референдумдан соң өлкөдөгү күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын иш тартибине өзгөртүү киргизилип, кызматтык кылмыштар боюнча тергөө прокуратурадан УКМКга өткөрүлгөн. Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы башкалардан айырмаланып жабык орган. Коомчулукка ар бир кадамынын отчётун бербейт. Андыктан бийликке ыңгайлуу схема түзүлдү. Бийликке тынчтык бербеген оппоненттерге Башкы прокуратура кайсы бир иштер боюнча кылмыш ишин козгойт да УКМКга өткөрүп берет. УКМКнын дарбазаларынын ары жагында тергөө кандай жүрүп жаткандыгын, ал жакта канча кызматкер иштеп жаткандыгын, дегеле эмне иштер болуп жаткандыгын бир Кудай билет. Азыр Кыргыз мамлекетинде абал ушундай...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан