Дача-Су айылындагы учак кырсыгына байланыштуу элден чогулган акчанын суммасы бүгүнкү күнгө карата 101 миллион 218 миң 3 сомду түздү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы SUPER.KG порталына маалымдады.
"Учурда чогулган акчаны бөлүштүрүү үчүн жабырлануучулардын документтери даярдалып жатат. Бирок элден чогулган акча кайсы күнү, ар бирине канча суммадан бөлүнөрү тууралуу ӨКМнын маалыматы жок. Кырсык боюнча түзүлгөн атайын комиссиянын чечиминен кийин гана берилиши мүмкүн" , - деп кошумчалады министрликтин катчылыгынан.
Арадан 100 күндөй убакыт өтсө да кырсыктын кесепетинен курман болгондордун жакындарына жана жабырлануучуларга элден чогулган акчаны тийиштүү кызмат бөлүштүрө элек. Мындан сырткары Түркиянын “АСТ Airlines” компаниясы которгон 600 миң АКШ доллары да бөлүштүрүлгөн эмес.
Буга чейин SUPER.KG порталы ӨКМга бир нече ирет кайрылып, бирдиктүү эсеп боюнча "Каражат толук эсепке алынып жатабы" деген суроону салганбыз. Калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны эсепке алынып жатабы, жокпу? Эсепке кимдер, канча акча которушту? Бул маалымат ачыкка чыгарылбай жатат. Бул суроо менен ӨКМ министрине жолдонгон катты ӨКМнын катчылыгы алдык дегени менен тийиштүү жоопту бере элек.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жердеги Курулуш башкармалыгынын дачалык тилкесине Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алган.