Журналист айым "КСДПнын депутаты 10 эркекке зордуктатам" деп коркутту дейт

Кечээ, 27-апрелде журналист Үпөл Анаркулова өзүнүн интернеттеги баракчасына депутат тарабынан коркутуулар болуп жатканын жазган. Ал эл өкүлүнүн "эртең барып бетиңди көргүс кылып түздөп кетем! Мени күт! Териңди тескери сыйрып, он эркекке салып берип кетем. Сени зордуктатып коём" дегенин билдирген.
Бүгүн журналистти КСДПнын депутаты Жылдыз Мусабекова коркутканы тууралуу маалымат тарады.
Бул тууралуу SUPER.KG порталына Үпөл Анаркулова коркутуулар гезитке жарыяланган макаладан улам болгонун айтты.
"Мен буга чейин депутаттын аты-жөнүн жазган эмесмин. Кимге кайдан маалымат жеткендиги да, депутаттын атын ачыкка чыгарган адам да, азыр мен үчүн белгисиз. Азыр көчөдө жүргөндөн кооптонуп жатам. Биринчиден, ал бийликтеги адам, экинчиден, "эрежесиз мушташтагы балдар меники экенин билесиң" деп коркутту... Анын айтканын кылбай койбойт деген кепилдик жок. Учурда бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылууга документтерди даярдап жатабыз, менде далилдер бар. Мындай жаман уят сөздөрдү "аял киши айтты" деп жазуудан уялгам. Бирок аты-жөнүн эл жарыялап коюптур", - дейт Үпөл Анаркулова.
Ал эми КСДП фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабековага байланышсак, журналистке теңелбесин айтты.
"Жаза берсин, дей берсин. Кара пиар да, эч жерде күлү додо болбогон, көрүнгөн гезитке, сайтка, ар кайсы саясатчыга, кайсы жерде жумуш чыкса ошол жерге иштеп, ушак жазган немелерге мен теңелбейм. Ар ким өз деңгээлине жараша өзүн пиар кылат. Ошол пиары өзүнө кут болсун", - дейт Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова парламентке депутат болуп келгенге чейин журналисттик кесипти аркалап, бир катар гезиттерде иштеген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
asankulov12
2017-04-28 23:30:17
Депутат болсом эле баары мен ойлогондой болот деп ойлошотго?
+13
Mers124
2017-04-29 00:23:55
Айылдын мугалимдери саанчыга окшош деген депутат да. ДАЧА суга барып кулаган самолеттун фонунда сүрөткө түшүп сүрөткө түшуп уят болду эле. Сдпк эриктирбейсиңер го
+13
Makain
2017-04-29 00:54:24
Жылдыз Мусабекова Алга жана алга эл сиз менен
-33
bond02
2017-04-29 00:59:11
Makain,сени дагы журналист кыздай коркуткан окшойт бул аял.
+21
Makain
2017-04-29 12:04:47
bond02,мен аллахтан корком
-5
zinaniz
2017-05-04 03:56:26
Makain,эл сиз менен эмес
0
Makain
2017-04-29 00:54:43
Сдпк алга
-27
sherzatik
2017-04-29 02:47:44
Makain,Сдпкаң менен сенин..башкалар эмне арткабы анда.
+5
futboler
2017-04-29 01:19:24
Кантип эле эркек депутат 10 эркекке зордуктатам деди деп ойлопмун, корсо аял депутат турбайбы, кудайдан корккулачы айланайындар
+14
kg-bala87
2017-04-29 02:50:34
futboler,менда ойлогом эркек башкага зордукдатам дебечууле деп
Бул аял аябай эле ыймансыз экен оозуна зордуктатам дегенине караганда
+10
sherzatik
2017-04-29 02:44:58
Карапайым эл качанга чейин кыйналып келебиз??келгиле баарыңды ыйманга чакырам. Ал эми пайдасыз депуттардын санын азайтууну сунуш кылат элем. Эл үчүн иштейм кыргызстанды гүлдөтөм,тартипти орнотом,жакырчылыкты жойом деген инсандардын бийлике келүүсүн каалайт элем. Бул сабатсыз адамдын кылган иши деп эсептейм,өзү деле журналист болуп иштеген экенго. Байкуш кыз десе! Чындыкты коркпой айтып өз ишиңди уланта бер ийгилик! Менин ойумду колдогондор болсо плюс баскыла! Мен силер менен
+5
didu
2017-04-29 05:47:37
карапайым элди ойлогону жок шайлоо маалында Жакшына айланышат ооруган, карыялардан кабар алышып жанында олотуруп кулуп суйлоп,А шайлоодон кийин башка адамга айланышат кийинки шайлого чейин .эки жуздуулор.
+4
Nurkyz1977
2017-04-29 07:33:45
Ак дейбиз,кок дейбиз мындай аял заты адам катарында жок дейли. Ириген ооздон чириген соз чыгат, бул бийлик алтын балык жомогундагы абышка кемпирдин тепшисиндей болоруна аз калды.
+5
Nora
2017-04-29 07:48:44
Ushundai adamdar porlamentte ishtep tursa Kyrgyz elim jaarybait go degi, jurnalisterdi jon ele jerge salyp tepselep salgy go, jaarybai kalgyr, kopkonu korunup turat, bur kun kantip jarylganyn ozu bilbei kalsa kerek, menin kuioom dagy chet eldik jurnalist, bul jakta jurnalisterdi jogooru baalashat eken.
+3
Aruujaz
2017-04-29 08:52:19
Уят депутат болуп туруп ушундай жаман жактарын көрсөтүп жатат
+4
Ramina-malina
2017-04-29 09:08:35
Кебетен менен сенин стерва,бай атандын доорунда талтандап жатасын баарын,качан желин чыгат экен...
+3
dinar.meilibaeva
2017-04-29 14:14:03
Стерва болсо озуно... озу деле убагында баарыны сууга абарып сугарбай келчу эле эмиле депутат болуп койкондойт тим еле... озундо да журналистке окшогон кызы келини синдиси бар кайтаар дуйно дейт.... кудай коргозсун ушундай чакчандаган депутаттарга эркегинеби аялынабы баары бири??!.
+4
Djal1987
2017-04-29 16:35:52
Кимибизге зордуктататат экен деп кутуп жатышса керек эрежесиш мущташтагы балдары.
+5
aisyrga88
2017-05-02 21:13:29
Депутат жеп жутат ушул пайдасыздардан Аллах тезирээк кыргыз элин куткарса экен
0
Taalaibek.
2017-05-03 15:34:18
Депутаттыктан алыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан