Өзгөндөгү кырсыкка байланыштуу Бишкекте 1-Май майрамы белгиленбейт

Өзгөндөгү кырсыкка байланыштуу Бишкек шаарында 1-Май майрамы белгиленбейт. Бул тууралуу бүгүн SUPER.KG порталына шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматына ылайык, кечээ, 30-апрелде аза күтүү күнү болгондуктан борбордо салтанаттуу иш-чаралар пландалган эмес.

Эскерте кетсек, 29-апрель күнү саат 06:40 чамасында Өзгөндө жер көчкү жүрүп, натыйжада 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашабайт. Алдын ала маалымат боюнча болжол менен 6 үйдө 24 жаран көчкү алдында калып калышкан. Бул окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев 30-апрелди аза күтүү күнү деп жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан