"Кыргызстан сулуусу-2017" сынагынын 4 катышуучусунун уюштуруучу Таттыбүбү Самидин кызына карата жазган арызы боюнча кылмыш иши козголбойт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов SUPER.KG порталына билдирди. Анын айтымында, кылмыштын курамы жок болгону үчүн алардын арызы боюнча иш козголгон эмес.
Эскерте кетсек, арызды 5-апрель күнү сынакка бир күн калганда финалдан четтетилген Алтынай Абдымомунова, "Мисс спорт" титулун алган Даяна Аширматова, Арууке Тургуналиева жана Элнура Кубанычбекова аттуу кыздар жазышкан.