Бийчи Солто Эсенгулов Орусиянын "Танцы" берүүсүнүн алгачкы тандоо турунан өттү

Кыргыз бийчиси Солто Эсенгулов Орусиянын ТНТ телеканалынын "Танцы" шоу берүүсүнүн алгачкы тандоо турунан өттү. Бул тууралуу ал SUPER.KG`ге бүгүн, 2-майда билдирди.

"Алгачкы тандоо турунан телевизиондук кастингге өттүм. Кастинг июнда болсо, видеосу октябрда көрсөтүлөт экен", - дейт бийчи.

Айта кетсек, ТНТ телеканалынын "Танцы" берүүсүндө бийчилер "Орусиянын мыкты бийчиси" наамы үчүн күч сынашышат. Бул долбоор 2014-жылдын 23-августунан тарта экранга чыгып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан