"Жеңиш" аянтында президенттин катышуусунда митинг-реквием өттү

Бүгүн, 9-Майда Улуу жеңиштин 72 жылдыгына карата борбор калаада митинг-реквием өтүп, Өчпөс отко гүлчамбар коюу иш-чарасы өтөт. Анда мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышмакчы.

9:35. Учурда майрамдык салтанатка даярдыктар жүрүп жатат.

9:40. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда оорукта эмгектенген Балпык Бөлөкбаев: “Бүгүнкү майрам жакшы өтүп жатат. Элдин маанайы дагы жакшы. Биз согушка катышпай эмгектин ардагери болсок да, бизди катышкандардын катарында сыйлап жатканына ыраазычылык билдирем. Өлкөбүздө, дүйнөдө тынчтык болсун!” - деп билдирди.

9:45. Ардагер: "Бүгүн Ата Мекендик согуштагы жеңишке 72 жыл болот. Ошого карата аянтка мэриянын чакырыгы менен келдик. Бизде Бишкекте согушка барып катышып, фашисттерди жеңип келген 200гө жакын ардагер калды. Көбү ушул жерде. Шаар жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз".

10:00. "Жеңиш" аянтында митинг-реквием башталды.

10:04. Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков, Бишкек мэри Албек Ибраимов, Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева өчпөс отко гүлчамбар коюшту.

10:07. Ата Мекендик согушта каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү жарыяланды. Андан соң асманга үч жолу ок атылды.

10:09. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни жаңырды.

10:12. Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгондорду эскерип, Түбөлүк отко гүлчамбар койду.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнүн тексти:

"Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Баарыңыздарды Улуу Жеңиштин 72 жылдыгы менен куттуктайм!

9-Май - ар бир Кыргыз жараны үчүн өзгөчө майрам, үй-бүлөлүк майрам, ыйык майрам.

Биз бүгүн Улуу Ата Мекендик согушта жана оорукта Жеңишке салым кошкон ардагерлерге башыбызды ийип, таазим этебиз.

Урматтуу мекендештер!

Экинчи дүйнөлүк согуш тарыхтагы эң кандуу, ошону менен катар адамзатка улуу сабактарды калтырган окуя болду. Бул бир улутту башка улуттан жогору койбош керектигин, курал менен башканы багынтуу мүмкүн эместигин, жер шарында Тынчтыктан улук бир дагы дөөлөт жок экенин бардык элдердин эсинен чыккыс сабак кылып калтырган.

Тилекке каршы, азыр дүйнөнү кайрадан коогалаӊдар басты – боордоштор бири-бирин өлтүрүп жатышат, террорчулук, башкалардын жерин, байлыктарын басып алуу аракеттери токтогон жок, күн сайын миңдеген бейкүнөө адамдар ажал таап, туш-тушка тентип кетүүдө. Дүйнөдө бир дагы өлкө бул коркунучтардан четте калган жок.

Ошондуктан адамзатка, ар бир адамга азыр тынчтык, сабырдуулук, айкөлдүк деген сапаттар абдан зарыл болуп турат. Аталарыбыз башын сайып бизге, кийинки муундарга алып келген Тынчтыкты, Эркиндикти көзүбүздүн карегиндей сактайлы! Ошондо гана ардагерлерибиздин алдындагы парзыбызды актайбыз!

Арабызда калган согуштун жана эмгектин ардагерлерине камкордук көрүп, алардан жылуу сөз, жардам аябайлык.

Урматтуу согуштун жана эмгектин ардагерлери!

Урматтуу мекендештер!

Бүгүн мен сиздерди Жеңиш майрамы менен президент катары, Куралдуу күчтөрдүн Колбашчысы катары алтынчы жолу куттуктап жатам.

Өзүңөр билгендей, беш айдан кийин кыргыз эли жаңы президентти шайлайт. Эмдиги жылы сиздерди башка президент, башка Колбашчы куттуктайт.

Ишенип койгула, ушул жылдардын ичинде согуштун ардагерлери үчүн колдон келгендин бардыгын жасадым. Беш жыл мурда өлкөнүн акыбалы өтө начар болчу. Мисалы, ардагерлерге ай сайын кошумча он миң сомдон төлөйлү десек, бюджетте акча жок эле. Чет элдик спонсорлордон жыл сайын каражат таап жаттык. Төрт жылда 300 миллион сом таптык ардагерлердин стипендиясы үчүн.

Кудайга шүгүр, азыр өлкөнүн акыбалы башка. Ушул жылдан баштап бул милдетти мамлекет аткарып жатат. Кыргыз өлкөсү бутка турду!

Урматтуу аталар-апалар!

Силер каалагандай жардам бере албасам кечирип койгула. Колдон келишинче иштедим. Анткени силерди көргөндө өз атамды көргөндөй болом. Кыргызда: “Атам өлсө да, атамды көргөндөр, билгендер өлбөсүн” деген сөз бар. Ал киши да сиздерге окшоп согуштун ардагери болчу. Апам эмгек ардагери болчу.

Ошондуктан бүгүн, урматтуу аталар-апалар, президент катары, Куралдуу күчтөрдүн Колбашчысы катары сиздерге буйрук берем:

Бар болгула!

Аман-эсен болгула!

Кийинки 9-Май майрамын сөзсүз бала-чака менен чогуу тосуп алгыла!

Жараткан баарыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай берсин!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге берекет берсин!” - деди Атамбаев.

10:43. Митинг-реквием жабык деп жарыяланды.

10:48. Өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин салтанаттуу жүрүшү өттү.

10:55. Шаар тургундары, ардагерлер Өчпөс отко гүл коюп жатышат.

11:10. Ардагерлерге жоокерлердин тамагы берилип жатат.

11:18. Кыргыз эстрада ырчыларынын аткаруусунда патриоттук ырлар ырдалып жатат.

11:34. Ата-энелер балдарын танктарга отургузуп ойнотуп жатышат. Балдар бардык танкаларды кызыгуу менен карап жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Beki092
2017-05-09 10:37:50
Саясатты аралаштырып суйлоп калды азыр пак эткизип бир нерсени айтып койбосо болду
+10
abusait
2017-05-09 10:41:05
Майрамда майрамдай эле суйлоп койсо болмок улуу урматтуу президент , теракты кыргыз озбекти эмес , жениш кунун эскерели.
+10
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-09 10:47:16
Ошо да куноолобош керек туура суйлобойт дейсинер туура суйлосо даагы жакпайт койчу силерди Кыргызга не жагат озу
-9
frunze12
2017-05-09 10:47:45
Кичине турса Бакиевден баштап, Текебаев менен бутушу мумкун созу, эл эмнеге чогулуп кайсы майрамды майрамдап жатканы менен иши жок...
+8
Leilektik
2017-05-09 11:14:41
Тууруле айтты ел чогулганда айтпай качан айтат анан,чында орустардын ар бир созуно жооп кайтарып турбаса кооп кетет болоберет екен деп,россиянын жараны теракт уюштуруп не только россияныкы оздору еле саясаттагылар уюштурду дагы Кыргызстан озбекстанды куноолоду акырында ал тууру емесда,
-4
meni_kut
2017-05-09 11:23:03
ардагерлерди бир жылда бир кун гана эстейбиз...калган куну ишибиз жок.аттин
+8
bakulya2015
2017-05-09 13:01:54
Эх Аша аша аш кылып жей турган болуп калдыго. Уят озунун кылганын ишин озу айтып э. Элдин козу бар кудай берген коздор корот. Мурдагы жашоо кандай азыркы жашоо кандай экенин. Уйронупта калдык бул инсандын суйлошуно,конул буруштунда кажети болбой калды,аман эле болуп,тезирээк кетсинчи.
+1
nur123456
2017-05-09 13:43:47
Ушул алкашты эл чогулган уяттуу жерге чыкырбай эле койгулачы. Кырсык болгон жерге барбат майрам болгон жерден калбайт
+1
ayjan_90
2017-05-09 14:38:38
Ардагерлердин столунун устундо эч нерсе жок го кара болко менен однаразывый стакан болду бул емне деген корунуш былтыр да ушундай болгон деги койчу кайсы бирини айтайын качан эле биздин чондор кыйратчу эле
0
aijyldyz
2017-05-09 15:54:32
Фашизмди женишкен
Жениш алып келишкен
Алар бизге олкону
Талкала деп бербестен
Калкала деп беришкен
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан