Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калды

Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунда таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калды. Бул тууралуу бүгүн, 10-майда Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 8-май күнү саат 22:00 чамасында Мырзаке-Кара-Шоро унаа жолунун 47-чакырымында тоодон таш кулап, Жазы дарыясын бөгөп калган. Натыйжада суунун деңгээли көтөрүлүп, унаалардын катташына оорчулук туудуруп жатат.

"Азыркы тапта №5-жол тейлөө ишканасы тарабынан таштарды жардырып тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашуулар жүрүп жатат. Тазалоо иштерине бир бульдозер, бир жүктөгүч тартылды", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
boris8907
2017-05-10 13:04:24
Кана суроту жокпу кызыктуу болот эле
0
dair2013
2017-05-10 13:24:04
Кайсы аймакта кошумчалап койбоптурда. Эю
+1
Krai
2017-05-10 14:21:40
Жазы дарыясы чон эле дарыя го соо болобу ошол дарыяны богоп калса...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан