Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 72 жылдыгын белгилөө аземинде президент Алмазбек Атамбаев орусиялык бир катар саясатчылардын кыргыздарга болгон мамилесин сынга алган эле. Ошондой эле президент өз сөзүндө мурда Орусиянын бир бөлүгү кыргыздарга таандык болгонун айтып өткөн: "Сибирь" деген сөздүн өзү кыргыздын "Шибер - чөпкө бай жер" деген сөзү, Байкал - "Байкөл - бай көл", Енисей - "Эне-Сай", "Урал дарыясы деле мурун Жайык, Яик - кенен" деп аталган. Орустун көптөгөн улуу адамдарынын ата-бабалары алтай элдеринен чыгышкан. Бул тууралуу алардын фамилиялары айтып турат: Карамзин, Аксаков, Тургенев, Есенин, Ушаков, Кутузов. Учурдагылардан Нарышкин, Шойгу, Кара-Мурза жана башкаларды атай алам", - деген.
Президенттин ал сынына 10-майда Орусиянын мамлекеттик Думасынын депутаты Константин Затулин каяша сөзүн айтты.
"Менин сөздөрүмдү ал өзү же анын кеңеш берүүчүлөрүбү, айтор, бурмалап салышты. Бирок бул маанилүү эмес. Мен айтпаган сөздөрдү мага таңуулап, анан ал сөздөрдү Жеңиш күнүнө арналган салтанатта, Орус коомчулугунун Кыргыз коомчулугун жактырбоосу катары колдонуу, кыргыз элинин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңишке кошкон салымын жокко чыгаруу аракети катары көрсөтүү абдан кейиштүү. Мени айтты деген сөздөр жалган. Ал сөздөр өлкө президентинин оозунан чыкканы үчүн эле чын болуп калбайт", - дейт Затулин.
Мындан сырткары Алмазбек Атамбаев оппозицияда жүрүп бийлик тарабынан куугунтукка алына баштаганда Затулин ага Москвадан туруп колдоо көрсөткөндүгүн эскерип, анын эс-тутумуна суроо жаралып жатканын айтат. Атамбаевди "Кыргыздын башкы этнографы" атаган депутат жаңы ачылыштарды күтүп жатканын айтып, сөзүн бүтүргөн.