Депутат Өмүрбек Текебаевден шаар башчысы Албек Ибраимовдун пайдасына 1 миллион сом өндүрүү чечими күчүндө калды

Депутат Өмүрбек Текебаевден шаар башчысы Албек Ибраимовдун пайдасына 1 миллион сом өндүрүү чечими күчүндө калды. Текебаевдин жактоочусу Таалайгүл Токтакунованын айтымында, тиешелүү чечимди бүгүн, 11-майда Бишкек шаардык соту чыгарды.

13-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Албек Ибраимовдун депутат Өмүрбек Текебаевге каршы доо арызын карап, Өмүрбек Текебаевдин айткандарын Ибраимовдун кадыр-баркына, ар-намысына, беделине шек келтирген деп тапкан. Ошондой эле шаар мэринин пайдасына 1 миллион сом төлөө чечимин чыгарган болчу.

Айта кетсек, президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылына салдырып жаткан хан сарайы тууралуу Өмүрбек Текебаев бир катар маалыматтарды тараткан. Анда президенттин үйү жайгашкан жерди алып-сатуу иштеринин башкы фигуранты катары Албек Ибраимовду айыптаган. Албек Ибраимов "депутат Өмүрбек Текебаев жалган маалыматтарды таратты" деп аны сотко берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан