Жалпак-Ташта жаңы курулуп, ачылуу аземи боло турган спорт залды жер көчкү басып калды

Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл аймагынын жер көчкү жүргөн Курбу-Таш айылындагы окуучулар кошуна айылдарда билим алууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-майда SUPER.KG порталына Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ысмайыл Дүйшөев билдирди.

"Курбу-Таш айылында акырындык менен жылып келе жаткан жер көчкү Каримкул Калмурзаев атындагы мектепти басып калган. Учурда окуучулардын бир тобу кошуна айылдардагы мектептерде, жарымы айылдагы маданият үйүндө билим алып жатат. Бул мектепте 331 окуучуга, 38 мугалим билим берчү. Бүгүнкү күндө 46 үй жер көчкү алдында калды. Айылдын элине кыйын болду. Ошол эле учурда республикалык бюджеттен жаңы курулуп, жакында ачылуу аземи болот деп турган спорт зал жер көчкү баскан айылда калып кетти", - деп билдирди Дүйшөев.

Маалыматка ылайык, учурда аталган айылга каттоо жолу жабылган. Ал эми жогорку айылдардагы 3 мектепке да каттам татаалдашкан. Мектептин окуу куралдары айыл өкмөттүн имаратына алынып келинген. Азыркы учурда өкмөттүн имаратына да жер көчкү жакындап, кооптуу абал жаралып жатканы маалым болду.

Учурда Жалпак-Таш айыл аймагында 45 турак үй, 3 социалдык имарат көчкү алдында калды. Жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
grace
2017-05-11 14:48:39
Курулуш материалдарын ысырап кылбастан көчүрүп кетпейт беле. Элдин акчасы кетип жатат го.
+1
lady_91
2017-05-11 14:54:45
grace,курулуш материалдары мумкун болушунча алынды дубалы эле калган
+5
grace
2017-05-11 15:05:30
lady_91,Андай болсо жакшы. Эми жер көчкүлөр, жалпы эле табигат кырсыктары токтосо экен кудайдан болуп.
+1
Mers124
2017-05-11 15:36:53
Мени таң калтырганы, жер көчкү коркунучу бар экенин билип туруп салганында болуп атат.
+3
bond02
2017-05-11 19:47:53
Ошол обьектин жоопту кызматкерин сот жообуна тартыш керек.
+1
Kroxa
2017-05-11 22:20:44
Эптеп бутурушсо керек ортодон жеп жутуп анысы да буюрбай калды..ошондой коопту жерге да салган канчалык мыйзамдуу болду экен???
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан