Бүгүн, 12-майда КСДП фракциясы депутат Жылдыз Мусабекованын журналист кызды коркутуп, мазактаганы боюнча маселени жыйында караган жок. Себеби Мусабекова өзү сыркоолоп, жыйынга келбей калган. Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Иса Өмүркулов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, бул маселе кийинки жыйында каралат.
Эскерте кетсек, Интернетке Жылдыз Мусабекованын журналист Үпөл Анаркулованы абийирине шек келтирип, телефондон 10 эркекке салып берип зордуктатам деп коркутканы жарыяланган.
Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына: "Мусабекованын окуясы депутат, саясатчы катары шок кылды. Албетте, бул маселе фракциянын кезектеги жыйынында талкууланат", - деп билдирген.
Мусабекова журналистке андай коркутуу сөздөрүн айтпаганын, аудиожазуу монтаж экенин айткан.