Кыргыз мамлекетиндеги аттракциондорду текшерүү үчүн Өкмөт тарабынан атайын нормативдик акт кабыл алынган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциясынын өнөр жай коопсуздугу секторунун башчысы Таалайбек Айдаркулов билдирди.
"Кайсы аттракцион болбосун, аны текшерүү үчүн нормативдик-укуктук акт керек. Анан ошонун негизинде, атайын методика менен аттракциондордун кандай иштеп жатканы текшерилет. Ал эми андай акт бизде жок. Регламентте бул мыйзам Бажы биримдигинин кароосунда турат. Эмдиги жылы май айында күчүнө кирет. Аттракциондорду нормативдүү колдонуу мөөнөтү 25 жылды түзөт. Бирок Оштогу аттракциондуку ал мөөнөттөн ашып кеткен. Андыктан биз аларга, "тыюу салганга укугубуз жок, бирок алардын ичине элдерди салбоону сунуштайбыз" деп эскертүү бергенбиз. Муну эске алышкан жок", - деди ал.
Ошондой эле Таалайбек Айдаркулов Оштогу кырсык тууралуу төмөнкүлөрдү кошумчалады:
"Буга чейин Ошко Бишкектен белгисиз бир адам барып, "эч кандай коркунуч жок, аттракциондорду иштете берсе болот" деп уруксат кагазын жазып бериптир. Бул маселе боюнча бүгүн Ошко барабыз. Атайын комиссия түзүлөт, ал адамдын ким экендигин аныктоо үчүн каржы полициясына кайрылабыз, алар чара көрүшөт".