Ош шаарындагы кулаган аттракцион боюнча окуянын себептерин териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү

Ош шаарындагы кулаган аттракцион боюнча окуянын себептерин териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-майда Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кырсыктын себептерин текшерүү максатында Ош шаарынын мэриясынын алдында атайын комиссия түзүлдү. Калаа башчысынын тапшырмасы менен шаардагы бардык эс алуучу жайлардын аттракциондорунун техникалык абалы, коопсуздугу атайын текшерүүдөн өтөт. Бул окуяны шаар мэри жеке көзөмөлүнө алды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында аттракцион кулап андагы эс алуучулар бейтапканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ekaterinburg
2017-05-15 13:19:23
Ушул аттракциондорго илгери биз ойночубуз.Дагы деле иштетип атышат.
0
meni_kut
2017-05-15 13:52:02
Жакшы текшеруудон отсун болбосо эч ким отурбайт
0
dina1983-19
2017-05-15 14:45:36
Кырсык болгондон кийин текшерет бизде. Өзгөндө канча адам өлүп кетти дагы башка жерлерде бул жерде канчасы жаракат алды ушуга окшогонду алдын алса болбойбу?
+1
Kroxa
2017-05-15 18:03:12
Бир эле Ошто эмес баардык шаарларда текшерилсе жакшы болот эле качан кулап тушуп адамдар жабыркагыча жон койушпай,баары эле союз маалынан бери сырдап эле койбосо шалдыраган атракциондор.кудай сактасын болуп эле иштеп жатат..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан