Бүгүн, 18-майда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде Мурат Мамбетов режиссёрлук кылган "Махабат" тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Кечеде кыргыз шоу-дүйнөсүнүн өкүлдөрү, маданият кызматкерлери, атайын чакырылган коноктор жана башкалар болушту.
Тасманын продюсери, сценарийин жазган жана башкы каармандын образын жараткан Шайыр Касымалиева мындай дейт:
"Сценарийи бат жазылды. Сакыбек агай менен жаш кезде чогуу иштешип калганбыз. Анда агай жаш, келишимдүү жигит эле. Кийин көп жыл көрүшкөн жокпуз. 2 жыл мурун "Ак Илбирс" кино сыйлыгында агайды көрүп, жакшынакай карыптыр, жакшы фильмде мыкты роль жарата алат деп ойлогон элем. Мен аны кыргыздагы Ричард Гир деп коём.
Тасмада бири-бирибизге көнүп кетүү оӊой да, кыйын да болду десек болот. Сүйүп да, урушуп да роль жараттык", - дейт актриса күлүп.
Ушул жерден актёр Сакыбек Карабаев сөзгө аралашты.
"Шайыр кичинекей кезинде окуу жайда мен сүрөттөн, анан чийүүдөн сабак берчүмүн. Кийин бир топ жылдардан кийин бир күнү жолугуп, "агай, сиз үчүн сценарий жаздым" деп калды. Берилүү менен ойнодум десем болот. Себеби ошондо Шайырды жакшы көрчүмүн. Образды канчалык деӊгээлде ачып бердик, аны эл таразалар", - дейт Сакыбек Карабаев.
Тасмада каармандардын ар бир диалогу, каармандардын берилүү менен аткарганы, жаратылыш, ага коштолгон музыка баары кылдат иштелип чыккандыктан көрүүчүлөр тасма көрсөтүлүп жатканда бирде күлүп, кээде муӊайып, жадакалса кол чаап жатышты. Көрсөтүү аягына чыккан соӊ эл 5-6 мүнөттөй дүркүрөтө кол чаап, сахнага чыккан тартуучу топтун өкүлдөрүн гүлдестелерге орошту.
Ошондой эле бул күнү Шайыр Касымалиеванын "Shair studio`нун" бет ачары да болуп, өзү негиздеген "Шико" сыйлыгын алгачкы жолу бир топ маданият өкүлдөрүнө тапшырды.
Ал эми актёр, режиссёр Мурат Мамбетов жаӊы тасмада сүйүү ар бир адамдын жашоосунда күтүүсүз жолугуп калышы мүмкүн экени көрсөтүлөрүн айтат.
"Тасмада эки адамдын махабаты эле эмес, ата-эненин балдарына, эже-сиӊдинин, бир туугандардын бири-бирине болгон мээрими, сүйүүсү көрсөтүлөт. Ошондой эле негизги ой - сүйүү ар убакта, адам канча жашта болбосун күтүүсүз пайда болушу мүмкүн экендиги айтылат. Тасмада күчтүү актёр-актрисалардын тартылганына сыймыктанам", - дейт режиссёр.
Тасмада Махабат аттуу каарман күйөөсү менен жаш кезинде эле ажырашып, эгиз кыздарын жалгыз тарбиялап, чоӊойтот. Кыздарынын бирөөсүн турмушка берем деп даярданып жатканда кокусунан Кайрат аттуу мырзага жолугуп калат. Бирок алгачкы жолугушууда Кайраттын орой мамилеси башкы каармандын көӊүлүн ирээнжитет.
Кийин да турмуштун ар кандай кырдаалдары экөөнү жолугушууга мажбур кылат. Ошентип ортолорунда жылуу сезим пайда болот. Бирок түрдүү тоскоолдуктар пайда болуп, башкы каармандын балдары өздөрүн гана ойлоп, алардын мамилесине каршы чыгышат...
Белгилей кетсек, "Махабат" тасмасы бүгүнтөн тарта өлкөбүздөгү бардык кинотеатрларда көрсөтүлө баштайт.