Кыргыз өлкөсүндөгү аба каттамдарында депутаттар үчүн эч кандай арзандатуулар каралган эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталына “Пегасус”, "Түрк аба каттамдары” авиакомпаниялардан билдиришти.
“Бардык эле авиакомпанияларда кардарлар үчүн жеңилдиктер бар. Бул жеңилдиктерден 5 жашка чейинки балдар жана пенсионерлер пайдалана алышат. Ал эми депутаттар үчүн эч кандай арзандатуулар каралган эмес”, - дешти мекемелерден.
Мындан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева бул маалыматты ырастады. "Бүгүн, 23-майда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде парламенттин иш башкармалыгынын орун басары “депутаттар үчүн өлкөнүн ички аба каттамдарында арзандатуулар каралган” деп туура эмес маалымат берди. Иш жүзүндө мындай эмес. Мен жакында эле Ошко учуп барып келдим, билет сатып аларда эч кандай арзандатууну байкаган жокмун. Биз, депутаттар Жогорку Кеңештин чыгымдарын кыскарталы деп кызматтык унаалардан баш тартканбыз. Бирок ошол унааларды иш башкармалыгынын кызматкерлери пайдаланып жүрүшөт. Мен бул маселени пленардык жыйынга алып чыгам”, - деди Алтыбаева.