Чүй облусунун Панфилов районунда тасма тартуучу топтун мүчөсү Хадижа Исмаилованы ат сүйрөп, жыйынтыгында ал каза болду. Бул кырсык тууралуу бүгүн, 25-майда анын жакындары билдиришип, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 24-майда орун алган.
"Тасманы тартуу иштери 10-майда башталыптыр. Кечээ, 24-майда тартуу иштери жүрүп жатканда ал кыз атты чаап кетиптир. Ат кайра өзү эле кайткан. Тартуучу топ аркасынан барып, кызды эс-учу жок абалда тапкан. Аны ооруканага алып кетишкен, ошол жерден каза болуптур", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Өздүк булактар тасмада атты чаптыруу менен кадрлар жок экенин, Хадижа Исмаилова тасмада роль жаратпаганын билдиришти.