SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сотко берди

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө жана Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө мыйзамдарынын негизинде SUPER.KG порталы Өзгөчө кырдаалдар министрлигин сотко берди.

Баарыбызга белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын январь айында "Манас" аэропортуна жакын жайгашкан Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесине Боинг учагы кулап, 39 адамдын өмүрү кыйылган. Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн атайын эсеп ачкан. ӨКМ эсепке элден 102 миллион сомдон ашуун каражат чогулду деп, кырсыктан бир нече ай өткөн соң жабырлануучуларга жардамды таратып берди. Элден которулган бардык акча эсепке алындыбы, жокпу бул жагы белгисиз бойдон калды. Анткени ӨКМ каражат которгондордун тизмесин, суммаларды ачыктабай койду. SUPER.KG порталы ӨКМга коомчулукта ишенбестик жаралбасы үчүн калк тарабынан которулган каражаттын ар бир сому, тыйыны тууралуу маалымат берүүнү сунуштап келет. Мамлекеттик мекеме тийиштүү милдеттерин аткарбагандыгы жана ачык-айкындыкты камсыз кылбагандыгы үчүн портал сотко жогорудагыдай арыз менен кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
aslan_akjol89
2017-05-31 23:36:40
Аны "бироо" талкаланган телефондордун акчасын,хотя бы кичине бир болугунун акчасын чыгарып,анан калганын тараттырды го менимче.
+7
Djoni88kg
2017-06-01 00:20:04
Азаматсыздар!Эми баштаган ишиниздердин акырына чыккыла,отчет беришсин туура канча которду ким билет элден топтолгор акча эле ошончо,Авикомпания да 600мин доллар которду деп аткан.Бир тыйынына чейин отчет берсин,бул жерден да чондор миллионер болуп чыга келиши мумкун элдин акчасынын эсебинен.
+6
Nazikbaigazy
2017-06-01 01:11:39
Жакшы иш баштапсыздар сиздерди колдойбуз аягына чейин курошунуздор, ошондой эле озгон жана чон Алай элдерине чогулган акчанын да эсебин беришсин.
+5
AzKumFerDan
2017-06-01 01:39:15
Эн сонун жакшы кылыпсыздар
+4
butun.kg
2017-06-01 02:59:39
Эл колдош керек.эл мн болсонор женесинер. Мен колдойм.ачык айкын болуш керек.
+3
Kurmanbek_9009
2017-06-01 03:22:12
Порталдын бул кадамын толугу менен колдойм. Ылайым мыйзам үстөмдүгү жеңип чыкса экен.
+5
92nuraaly
2017-06-01 04:13:33
Аллахым баштаган иштеринерди женилдетсин super.kg эл силер менен.
Ошол самолёт ак уйдо отурган жепутаттардын уйлонун бузганда 2эселетип толоттуруп алат болчу.
+4
sabyr86
2017-06-01 04:27:36
Жабыркагандар сураныптыр ачыка чыгарбай эле койгула деп.мунусуна ишенген жок элем бирок чындык экен.жабыркагандар эмнеге канча акча алганын жашырышат,аларды барып бирөө тонойбу?жок албетте.демек алар да,канча акча алганын тууган уругунан жашырып жеш керек.
+2
toktor89
2017-06-01 05:08:03
Супер, суперсинер;))
+1
bakulya2015
2017-06-01 08:24:02
Бул ишке да,чондордон башын тыкса керек неге мындай кылдынар деп. Эл сиздер менен ИнША Аллах кудайда сиздер менен анткени Аллах чындык,сабыр,кучтуулор,тооба кылгандар,сооп кылгандар,эл акысын жебегендер жагат деп ойлойм.
0
altyn7776
2017-06-01 10:54:19
Эн туура. Супер инфо жамаатынан башка маалымат каражаттарына бул иштин кызыгы жоктой, кайдыгер мамиле жасашты. Ачык айкындуулук окум сурмойунчо мындай демилгелерди алпара беруу керек. Депутат болуп, чындыкты айта албай отурганча гезитте иштеп, элге жарыя кылып, бийликтин козун ачып турган жакшы.
0
Qnet
2017-06-01 11:57:10
Супер инфо азаматсыз!Эл эки колдоп колдойт бул демилгени!Негизинен бул ишти Президентибиз озу козомолдосо болот эле бул ишти!Чондор акмак экенсинер эл чогулткан акчаны коз коруно эое жеп салдынар!Ар бирине уй салып берсенер боло тургандай акча чогулган болчу!
0
jengoo
2017-06-01 17:34:25
Сот супер кж жазган арызын кароодон баш тартып койуптур.
0
dinar.meilibaeva
2017-06-01 17:50:36
Ооба туура кылыпсыздар...эмии аягына чыксале болду
0
simone
2017-06-01 21:33:15
Жөөн эле жүрсөңөр super.kg.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан