Оштогу аттракциондун кулаганы тууралуу видеону жөнөткөн окурманыбыз "ЭЛДИК КАБАРдын" май айындагы жеңүүчүсү болду

Балдарды коргоо, алардын билим алуусу, татыктуу тарбия берүү, коопсуз жашоо тартуулоо бүгүнкүнүн орчундуу көйгөйү. Акыркы күндөрү Кыргыз коомчулугунда болуп жаткан окуялар балдар маселесине жетиштүү көңүл бурулбай жатканынан кабар берет. Өлкөбүздүн кичинекей жарандары жол кырсыктарынын, жаратылыш кырсыктарынын курмандыгы болууда.

Балдардын көңүл ачкан эс алуу жайларындагы коопсуздук маселеси май айында талкуу жаратты. Буга Ош шаарында Навои паркында аттракцион кулап, эс алуучулардын жабыркаганы себеп болду. Оштогу аттракциондун кулаганы тууралуу видеону жөнөткөн окурманыбыз Абдимажит Турсумаматов "ЭЛДИК КАБАРдын" май айындагы жеңүүчүсү болду. Куттуктап байланышканыбызда, учурда ал Орусиянын Москва шаарында экенин айтты.

"Жалал-Абад облусунан болом. Ош технологиялык университетинде окуйм. Окуя болгон күнү досторум менен сейил бакта эс алып жүргөнбүз. Кийин аттракциондун кулаганына күбө болдук. Өзүбүздүн ошол эле күнү аттракциондорго түшүп жүргөнүбүздү эстеп коркуп калдык. Орусиядагы сейил бактарда аттракциондор кооптуу эмес, техникалары жаңы. Негизи аттракциондорду иштеткендер көзөмөлгө алышы керек деп эсептейм. Элдер зыян келеби деп ойлобой түшө берет кызыгып", - дейт Абдимажит Турсумаматов.

Эске салсак, 14-майда кечке жуук Ош шаарындагы "Жеңиш" сейил багында (Алишер Навои атындагы сейил багы - эски аталышы - ред.) аттракцион кулаган. Кырсыктан улам жалпы 8 адам жабыркаган. Алардын төртөөсү Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ош милициясы "Оор кесепеттерге алып келген эмгекти коргоо эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Оштогу аттракцион жарактуу мөөнөтүнөн өтүп кетсе да, аны иштетүүгө белгисиз адам уруксат бергени маалымдалган. Парламентте балдардын коопсуздугун бизнеске айлантууну токтотуу керектиги, Кытайдан арзанына карап каруселдерди алып келүүнү көзөмөлдөө зарылдыгы айтылган. Сейил бакта кулаган каруселге жана окуучулардын жайкы эс алууга чыгуусуна байланыштуу, Башкы прокуратура өкмөткө аттракциондорду пайдаланууда коопсуздукту жөнгө сала турган тиешелүү укуктук базаны түзүү боюнча сунуштама берген.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - кыргыз тилине туура эмес которулган афишалар тууралуу кабар жөнөткөн окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, февраль - Өзгөндөгү кооптуу ажаткананы айткан окурман (Өзгөн шаары).
2017-жыл, март - Өзгөн жолдорунун аң-чөнөктөрү топурак менен толтурулуп жатканы тууралуу кабарлаган окурман (Өзгөн району).
2017-жыл, апрель - Садыр Жапаровдун моюну кесилген сүрөтүн жиберген окурман (Бишкек шаары).
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
AzKumFerDan
2017-06-02 11:06:41
Кутуктайбыз
+1
golding_kg
2017-06-11 10:13:44
Ошондо алып кете алдыбы белегини?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан