Курчоого алынган "Ак Кеме" мейманканасынын президенти: "Конокторубузга эртең мененки тамакты берүүгө жетишпей калдык"

Бүгүн, 22-июнда эртең мененки саат 07:00 чамасында милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган "Ак Кеме" мейманканасы учурда дагы укук коргоо кызматкерлеринин жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Кыргыз-Малайзия биргелешкен "Ак Кеме" ишканасынын президенти Руслан Сарымсаков бүгүнкү иш аракет боюнча буларга токтолду:

“Эч кандай соттук чечим жок эле келип алып имаратты басып алышты. Милиция бөлүмүнүн башчысына кайрылсам, ал оозеки алган буйрукту аткарып жатканын айтты. Ал эми ким мындай буйрук бергенин айтпай койду. ИИМдин же Бишкек ШИИББинин башчысынын буйругу болушу мүмкүн. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакытбек Мураталиев “Ак кеме” боюнча документке премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун билдирди. Бул аракет - жеке мүлктү рейдердик жол менен басып алуу. Биз эл аралык сотторго кайрылабыз, ошондо адилеттүүлүк чыгат. Мындай иштерди жасаса, кантип шайлоого барышат? Мейманкананы курчоого алып, ичине эч кимди киргизбей жатышат. Ичинде Кытайдан, Германиядан келген коноктор бар болчу, алар эртең мененки тамакты ичпей калышты. Окуя 22-июнь - Гитлер Орусиянын чек арасын баскан күнгө дал келди. Эртең 60 конок келип жайгашары боюнча буюртма алынган болчу. 24-июнда 200дөй чет элдик спортчулар келип жайгашышмак. Биз бүгүн чет элдиктердин алдында бийликтин жасаган жоругунан уялып турабыз”.

Окуяга күбө болуп, имараттын алдында жүргөн экономист Жумакадыр Акенеев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аракеттери боюнча буларды айтат: "Аталган ишкананын мүлкүн мамлекет менен менчик ээлеринин ортосунда экиге бөлүү боюнча Жогорку соттун чечими бар. Менимче бул жерде одоно мыйзам бузуу болуп жатат. Болгону бул жерде бардык кызыкчылыкты четке коюп гана, соттун чечимин аткарып коюу керек. Ошондо гана элди дүрбөтпөй, эки тарап тынчтык келишимине келет болчу. Бул жерде 250 адамдын тагдырын да ойлоо керек. Алар ушул жерде иштеп, үй-бүлөсүн багып жатышкан. Азыр эми ордуна башка адамдар келип иштеп калса ошончо адам жумушсуз калып, кантип үй-бүлөсүн багат? Алардын арасында электриктер бар, лифт адистери, шыпырып-тазалаган жөнөкөй кызматкерлер бар, алардын эч кандай күнөөсү жок да. Менин оюмча алар мурда кандай иштеп жүрсө, жумуштан айдалбай, ошондой иштей бериши керек. 2005-жылы Аскар Акаев качып кеткенден кийин дагы ушул эле ишкана Сарымсаковго кайтарылсын деген чечим чыгарылганда мен да ушул жерде болуп, бир да киши кызматтан кетпей өз ордунда иштей берет деген чечимди кабыл алып, иштеп калышкан".

"Ак Кеме" мейманканасынын ээси: "Коноктордун алдында уялып жатабыз"
Экономист: "Ак Кеменин" курчоого алынышы мыйзам бузуучулук"
"Ак Кеме" мейманканасы мамлекеттин карамагына өткөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
MIRAN
2017-06-22 09:59:39
Уят эле
+10
abusait
2017-06-22 10:07:37
Ээуу эй уят болот .! Жапайычылык. Соз жок.
+4
kykenbai
2017-06-22 10:27:21
Билип билбей эле бийликти куноолой бербей. Биринчи бул жакты окусанар. Чыныгы баскынчы ким экенин билесинер.
-5
admin_superstan
2017-06-22 10:40:58
kykenbai, башка сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
-2
Riokyrgyz
2017-06-22 13:48:52
kykenbai,туура.
0
madina.87
2017-06-22 10:33:26
Чет элден келген меймандардын алдында озубуздун ким экенибизди корсотуп буттук.
Бул жапайычылык!!!
Бир жакшына иштеп жаткан мейманкананы курчоого алып,ичиндеги меймандар завтраксыз калганы уят!!!
+3
gordaya
2017-06-22 10:48:04
Балким ушундай нерселерден туристтер качаттыр, Нарындагы окуядан эмес, элестет брондоп койгон мейманканана келсен, аны тегеренип милиция журсо, журогун тушот го, ал эми Нарындагыдай окуя бут эле жерде бар, эркектер между собой урушуп кеткендер, соттун чечими бар болсо, мыйзамды сыйлап, мурун эле тынчтык жолу мн бошотуп берсе болмок. мына ушул жапайычылык, Нарындык балдарды тим эле баса калдынар эле, жапайы деп. как будто алар университетке чакыруусуз оздору келип, налог салып, студенттерди сабап
+8
Alixan-Nookat.2015
2017-06-22 13:11:40
Конокторду чыгарып силерда чөгөлөп кечирим сурагыла дегиле ошондо моокумунар канаар баса Нариман Түлеевдин имараты эмне болду?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан