Сооронбай Жээнбеков Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз аскерлерин Сирияга жөнөтүү ыктымалдуулугу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Өкмөт башчынын мындай пикирин анын басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов 23-июнда SUPER.KG'ге билдирди. "Жооп берүүдөн баш тартты. Талкуусуз, биз эч нерсе кыла албайбыз", - деди Эсенгулов.

Буга чейин Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, парламенттин Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Владимир Шаманов орусиялык ЖМКларга Кыргыз Республикасына жана Казакстанга аскерлерин Сирияга жиберүү маселеси боюнча сунуш берип, бирок акыркы чечим кабыл алына электигин билдирген.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов буга жооп кайтарып, Казакстан өз аскерлерин Сирияга жөнөтүү боюнча эч бир тарап менен сүйлөшпөгөнүн айтып чыкты.

Ал эми Кыргыз мамлекетинин Коопсуздук кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров да бүгүн жооп берди. Анын айтымында, Сирияга аскерлерди жөнөтүү маселеси Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) туруктуу өкүлдөрүнүн кеңешинин жыйынында көтөрүлгөн. "Аталган жыйында Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерин жөнөтүү эмес, ЖККУнун тынчтык орнотуу контингентин Сирияга куралсыздандыруу аймагына жөнөтүү боюнча маселе көтөрүлгөн. Бирок бул боюнча бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө кайрылуу түшө элек", - деди Жумакадыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан