Бүгүн, 29-июнда SUPER.KG порталынын түз эфиринде Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары маалымат беришүүдө.
Бүгүнкү соттук отурумда негизги күбө делген орусиялык ишкер Леонид Маевский бул иш боюнча көрсөтмө берди. Белгилей кетсек, Башкы көзөмөл органдын маалыматы боюнча депутатка Леонид Маевскийдин арызынын негизинде иш козголгон. Маевский өз арызында Текебаев "Мегаком" иши боюнча 1 миллион доллар алып, аны кайтарбай койгонун айткан.
Бүгүнкү түз эфирде жактоочулар Канатбек Азиз менен Таалайкүл Токтакунова соттук отурум, негизги күбө Маевскийдин көрсөтмөсү жана башка жагдайлар тууралуу түшүндүрмө берип жатышат.
Эскерте кетсек, кечээ, 28-июнда түз эфирде депутатты эмне үчүн жана кантип соттоп жатышканы тууралуу маалыматтар айтылган.