Бүгүн, 2-июль күнү Орусиянын Москва шаарында Конфедерациялар Кубогунун 3-орунга болгон беттеши орун алды. Анда Португалия менен Мексика курама командалары кез келди.
Аталган оюнда Португалия жылдызы Криштиану Роналду буга чейин жазылгандай ойногон жок. Оюндун алгачкы мүнөттөрүндө Андреа Силва пенальтиден Очоанын дарбазасына гол киргизе алган жок.
55-мүнөттө Мексика курамасы чабуул жасап, Хавьер Эрнандестин соккусунан соң Португалия курамасынын коргоочусу Нету өз дарбазасына гол киргизип алды.
Оюндун акыркы мүнөтүндө Португалия чабуулун күчөтүп, Пепе кошумча мүнөттө гол киргизди. Эсеп 1:1. Оюн экстра таймга ооду.
Анда кызуу беттеш уланып 104-мүнөттө Адреа Силва пенальтиден эсепти 2:1 кылып, Португалияга жеңишти алып кетти.
Эске салсак, мелдештин жарым финалында Германия курамасы Мексиканы 4:1 эсебинде жеңсе, Чили курамасы Португалияны пенальтилер сериясында жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеш Бишкек убактысы боюнча 2-июлдан 3-июлга караган түнү саат 00:00 башталат.