Орусиянын борбору Москва шаарындагы "Домодедово" аэропортунда Кыргыз жараны 5 күндөн бери мекенине кете албай убара. Бул тууралуу бүгүн, 5-июлда SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу окурман билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз жараны Франциядан мекенине Москва аркылуу учмак.
"Аэропорттун кызматкерлери ал жаранды депортация залынан чыгарбай, билет ала албай жатыптыр", - деди окурман.
Ал эми 5 күндөн бери аэропортто жашап жаткан жаран төмөнкүлөрдү билдирди:
"Франциядан Греция жана Москва аркылуу мекениме кетмекмин. Эми Грециядан Москвага келсем, бул жактан аэропорттон чыгарбай жатышат, себебин да так түшүндүрүшкөн жок. 5 күндөн бери Кыргыз өлкөсүнө кете албай жатам. Же Грецияга кайтарбай жатышат же депортация кылышпайт, же билет алып беришпейт... Билет алайын десем, акчаны банкомат аркылуу алышым керек. Ал эми картам чемоданда. Чемоданды да бербей жатышат".
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.