Монголияда президенттик шайлоодо оппозиция өкүлү жеңишке жетти

Монголиянын 5-президентин шайлоо боюнча добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыктары жарыяланды. Добуштарды эсептөө жараяны түз эфирде көрсөтүлдү. Бул тууралуу 8-июлда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматтар боюнча Демократиялык партиянын талапкери Халтмаагийн Баттулга 600 миңден ашуун добуш алып, Монгол парламентинин учурдагы төрагасы, Миеэгомбын Энхболдду жеңип алды. Миеэгомбын Энхболд Монгол элдик партиясынын атынан жарышка чыгып, 496 миңден ашуун добуш алган.

Бул ирет Монголиянын шайлоо тарыхында биринчи жолу көп сандаган шайлоочулар добуш берүүгө катышканы менен бюллеттендердеги талапкерлерди тандоосуз калтырган окуя болду. Тагыраак айтканда, 100 миңге чукул шайлоочу эч бир талапкерди көрсөтпөстөн бюллеттендерди урнага салышкан. Эске сала кетсек, Монголияда президенттик шайлоо кечээ, 7-июлда өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан