Чехиялык компания Жогорку Нарын каскадын курат

"Liglass Trading CZ. SRO" чехиялык компания Жогорку Нарын каскадын курат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган компания 2020-жылга чейин Жогорку Нарын каскадын курат. Ошондой эле ал чехиялык компания жана орусиялык “Русгидро” ишканасы Жогорку Нарын каскадынын башталгыч курулушуна кеткен 37 миллион долларды төлөп берет.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт мүчөлөрү, чехиялык компаниянын директору Михаел Смелик чакан ГЭСтерди жана Жогорку Нарын Каскадын куруу боюнча кол койду.

Эске салсак, аталган орусиялык компания 2015-жылы долбоордун техника-экономикалык негиздемесине ылайык, 2016-жылы Нарын ГЭС-1 биринчи агрегатын ишке киргизүү планы үзгүлтүккө учураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
MAKALAK
2017-07-10 14:34:49
Озбектер айкырат дагы
-2
Leilektik
2017-07-10 15:03:11
MAKALAK,озбектерди неге кошуп жатасын
0
Neovo_777
2017-07-10 14:50:44
17 миллиондун изи кайда кетти таппадыбы ошондо?
+1
meniuk
2017-07-10 14:53:26
иииииии хуууууу жарйсынар алга кыргызым Кудай шугур Кудайга шугур анысы аз келгенсип русгидронун кетирген чыгымында толоп берсе жакшыкен
0
Anikin83
2017-07-10 15:35:25
Алсынчы чехтер а то кытайларды коргонго коз калбады тендерден баарын ала берип
+1
bond
2017-07-10 15:57:43
Кандай условия коюлганын кенири жазгыла элдер билсин анан кийин олчойгон карыз болдук дебей.
+6
RusMos76
2017-07-10 16:08:41
Саясатынарга тушунуш кыйын Орусия эмнеге пайдалуу жерден баш тартып, карызыбызды кечууго барып жатат, же озубуздун эле саясат эмеспи дейм д!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан