Москвадагы өрттөн эки Кыргыз кызы жабыркады, экөөнүн абалы оор. Кыздардын туугандары изделип жатат

Москва шаарындагы "РИО" соода жана оюн-зоок борборунда чыккан өрттөн 18 адам жабыр тарткан. Алардын ичинде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва шаары боюнча Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын эки жараны да бар. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 28 жаштагы Кыргыз кыздары Баткен облусунун Лейлек районунан болушат. Алар "Тез жардам" аркылуу Н.Склифосовский атындагы ооруканага жеткирилген.

Элчиликтин кызматкерлери дарыгерлер менен байланышты, алардын айтуусунда жабыр тарткан эки кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган, абалдары оор. Алган жаракаттарынын божомолу боюнча динамикасы жакшы. Элчилик маселени көзөмөлгө алып, оорукана менен тыгыз байланышта болууда", - деп айтылат маалыматта.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жабыркагандардын туугандарын издеп жатканын маалымдады. Жабыркаган кыздардын тизмеси:

1. Абдуллаева Рахатай. 1989-жылы Лейлек районунда туулган.

2. Нурбекова Таалайкан. 1989-жылы Лейлек районуна караштуу Булак-Башы айылында туулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
RusMos76
2017-07-11 14:12:13
Аман- эсен айыгып кеткиле бир боор жердештерим!
+3
Leilek-razzakov
2017-07-11 14:33:30
Лейлектик туугандар батыраак айыгып кеткиле. Аллах шыпаасын берсин.
+9
Melis2014
2017-07-11 15:06:41
Акаев Бакиев Отунбаева Атамбаев ушулар кунолу кыргыздын тентип журушуно !!!ертенки шайлоодо татыктуусун шайлайлы акчага азгырылбай
+13
Omurbek998
2017-07-11 15:18:43
Аллах шыпаасын берсин
+4
CEO
2017-07-11 15:35:51
Кайсы РИО, Москвада бир эле РИО болгонсуп жазып коюпсунар да! Бишкекте да Народный же Фрунзе соода дукондору тууралуу кеп болсо, кайсы даректеги дукон экени жазылат го?!..
+7
Leilek-razzakov
2017-07-11 16:52:31
CEO, Дмитровской шоссе 163а корпус1, ТЦ "РИО" болушу мумкун. МКАДка жакын.
0
raykray
2017-07-11 20:17:39
Leilek-razzakov, ооба кече ошол жерде болуптур тез эле кара дым каптап чыга албай калыптырлар
-2
gulperi.kg
2017-07-11 16:53:54
Москвада миллион РИО бар тообо кайсы метродогу
+2
Leilek-razzakov
2017-07-11 17:12:19
Абдуллаева Рахатай деген Сулуктудон болбойт бекен. Паспортунда туулган жери жазылбаппы? Админ элчиликке айтыныздарчы толук маалымат берсин.
+1
meni_kut
2017-07-11 19:12:02
Leilek-razzakov,ооба Сулуктудон экен,тааныйсынбы?
0
Leilek-razzakov
2017-07-11 20:36:40
meni_kut, ооба
0
admin_superstan
2017-07-12 12:11:44
Leilek-razzakov, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
0
betatek-2011
2017-07-11 20:50:46
Оо жараткан дагы не болуп кетти???Журок деле калбадыго суук кабарлардан!Жараткан озун сакта кыргызжердештерими!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан