Токмокто эки жеңил унаа бетме-бет сүзүшүп, 1 адам каза болду

Токмокто эки жеңил унаа бетме-бет сүзүшүп, 1 адам каза болду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев билдирди. Анын айтуусуна караганда, окуя 17-июлдан 18-июлга караган түнү саат 00:20лар чамасында болгон.

"Тойота Корона үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Стрим үлгүсүндөгү эки жеңил унаа бетме-бет сүзүшкөн. Анын кесепетинен Хонда Стримдин ичиндеги 5 адам жаракат алган. Анын бирөөсү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Ал эми Тойота Корона унаасынын айдоочусу окуя болгон жерден алгач качып кетип, эртең менен милиция бөлүмүнө өзү келген", - дейт Тилек Исаев.

Андан сырткары ал учурда иликтөө иштери жүрүп, окуя териштирилип жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан